Жарамазан айтып орозо айын кабарлашкан

Жарамазан айтып орозо айын кабарлашкан

Жарамазан - орозо (мусулман календары боюнча рамазан) айында, айдын экинчи жарымында түнкүсүн үймө-үй кыдырып ырдалуучу эски диний жана каада-салт ыры. Жарамазанды илгери көбүнчө балдар, кээде чоӊдор (демейде кедейлер) айтышкан. Жарамазан айткандар беш-алтыдан болуп алып үймө-үй, айылма-айыл кыдырып, жарамазан айтып барган үй ээсинин кадыр-баркын, ата-тегин, үй-бүлөсүн, мал-жанын мактап ырдашкан; ага ден соолук, байлык, бакыт, кармаган орозосунун кабыл болушу сыяктуу жакшы тилектерин билдиришкен. Жарамазан учурашуу, мактоо, суроо жана бата сыяктуу бөлүктөрдөн турган. Ал туруктуу даяр ыр түрмөктөрүнөн туруп, ага айтуучу ырчылык жөндөмүнө жана ар кыл кырдаалга жараша алымча-кошумча киргизе алган. Жарамазан комуздун коштоосунда да аткарылат.

Ислам динине чейин пайда болгон фольклордук жанр жана өзүнүн мазмунун ислам дини менен толуктап, байыткан. Жарамазан айткандар үйгө анын жашоочуларына бакыт, бейпилдик, байлык, ырыс, ынтымак, тилеп, бала-бакырасына өмүр каалап ырдашат. Ырдын мазмуну айтып тургандай, кедейлер орозо күндөрү байларга барып жарамазан айтышкан.

Ал эми кыргызда мындан 10-15 жыл мурун эле жарамазан айткан балдарды элдер алкап, алардан бата сурап жакшы ниет менен тапканын беришчү. Жарамазанды балакат жашына жеткен балдар гана айтышып, жаш балдар айтышкан эмес. Алар кызыгып эле артынан ээрчип жүрүшчү. Балакат жашына жете элек жаш бала жарамазандын мазмунуна түшүнгөн эмес. Аларга жарамазан айтып барган үй балдарга эмне берүүсү гана кызык болгон. Ал эми кыз бала жарамазан айтмак түгүл, түнкүсүн көчөгө чыккан эмес. Бирөөнүн үйүнө кыз баланын ырдап барышы кыргыз салтында өтө уят иш катары каралат. Ушундан улам кыздар эч качан жарамазан айтышкан эмес. «Бычак учу жалтырайт, май томоруп жатабы, казан-аяк калдырайт курут эзип жатабы» деген сыяктуу кыргыздын улуттук тамактарына тамшануу менен курут-май суроонун коштоосунда жарамазан айтылчу. Беш-алтыдан чогулуп алып, орозо айынын орто ченинен өтүп калганда, ооз ачардан баштап жарамазан айтып келген балдарга аксакалдар алкыш айтып «жаштын тилегин берет дейт, батаӊарды бергиле эми» дешип батасын алышчу.

Жарамазан айтуунун пайда болуу себептери тууралуу кыргыз элинде түрдүү пикирлер айтылып келет. Кыргызда илгери маалымат, кабар жеткирүүнүн бир жолу болгон деген пикирлер бар. Орозо айынын кирип келишин кабарлоо үчүн бир айылдан экинчи айылга барып, ырдын коштоосунда «ассалоому алейкум жарамазан» деп сөз баштап кабарлашкан. Мындай сүйүнүчтүү кабарды жеткиргени үчүн барган үйдүн ээси тапканын берип узатышкан дешет. Бул ыкма бара-бара салтка айланып кеткен.

Күнүнө 1000 сомдон тапкан жарамазанчылар…

Ал эми азыркы учурда жаш балдар үймө-үй эмес, көчөдө жалгыздап да, топтолуп да жарамазандын маани-маӊызын түшүнбөй эле, акча табуу үчүн жарамазанды тилемчиликке айландырып алышканы байкалат. Ооз ачардан баштап, түнү бир оокумга чейин көчөдө жарамазан айтып, өзүнүн кимдигин унуткан окуучу балдарды көп кезиктирүүгө болот. Жарамазанды кимдер айткан, эмне үчүн айткан, бул нерселерге кызыкпай эле акча табууну максат кылып, көчө кыдырган жаш балдар көп. Алгылыктуу жаттап алган сөзү жок, чөнтөгүн чукулаган адамга тигилип карап, бир нерселерди айтып жаткан баланы көрүп зээниӊ кейибей койбойт. Кафе-ашканада ооз ачып, тамактанып калсаӊ бир саат ичинде беш-алты жолу жарамазан айтып келип «бербесеӊ кетпейм» дегенсип көгөрүп туруп алышат. Качан гана колуна тыйын карматканда кийинки столго өтүп, ошол эле түшүнүксүз жарамазанын айта башташат. Жогоруда айтканыбыздай жарамазанда эч качан бала акча сураган эмес. Азыр кайрадан жаралган жарамазанда «жок дегенде 100 сом ала чыгыӊыз» деген сөздөрү да бар. Атайын кызыгып, жарамазан айткан баладан күнүгө канча акча табарын сурасак айткан жок. Артынан ээрчип тыйындарын акчага алмаштырып жаткан жерине чейин барып сураганыбызда «1000 сомго чейин табам» деген жооп алдык. Мындай чоӊ суммадагы акчага көнгөн бала эртеӊ орозо айы бүтсө кандай жолго түшөт деген күмөндүү ой жаралды.

Сатканбай Момуналиев, педагогика илимдеринин доктору, профессор:

«Жарамазан дин менен байланышкан кыргыздын салты»

- Жарамазан айтуу кыргыздын дин менен байланышкан салты. Ошол эле «Шырылдаӊ», «Оп-майда» ырлары күзүндө ырдалган сыяктуу эле жарамазан айтуу да салттык ырларынын бири. Болгону орозо айында айтылышы керек. Мындан сырткары жарамазан ырын жаш балдар айтышкан эмес. Талантуу инсандар музыкалык аспаптар менен ырдап, орозо айын шаӊга бөлөшкөн. Ыйык орозо айында сооп жасагысы келген колунда бардар үй-бүлөнүн үйүнө барып, ал кишинин жакшы жактарын ырга салып айтуу менен соопчулукка бир нерсе сурашкан. Жарамазан сурануунун маданияттуу жолу. Жарамазан айтуунун негизги максаты барган жерден бир нерсе өндүрүп алуу. Ал жердин ата-тегинен баштап бала-чакасына чейин мактап, жакшы жактарын айтып, обонго салып ырдоо менен өздөрүнө керектүү азыкка ээ болушкан. Анан да жарамазанды беделдүү таланттуулар айтышкан эмес. Мисалы, Токтогул Сатылганов, Жеӊижоктордун жарамазан айтканын уккан эмеспиз да. Алардын өз таланттарын сыйлап, эл алдында сурануу үчүн ырдашкан эмес. Себеби, жарамазанды колунда жок, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөн ырга шыгы бар адам айткан. Жокчулуктан улам чыккан зарылчылык. Кудайдын куттуу күнүндө, жакшы ниет менен орозо кармаган, ыймандуу инсандын үйүндө айтышкан. Алкоону уккан бай үй-бүлө колуна кирген нерсесин берип, жылуу узатышкан. Демейде жөн эле кирип барсаӊ эч нерсе бербейт да, кууп чыгат. Мына ушунун айынан жарамазан айтуу зарылчылыгы пайда болгон.

«Орозо кармалган үйгө гана айтылган»

- Жарамазан айтуунун дагы бир талабы, орозо кармаган үйгө гана барып айтып «орозоӊуз кабыл болсун» деген сыяктуу каалоо-тилектер менен айтышкан. Ал эми бүгүнкү күндө үйдө эле эмес, көчөдө айдоочуларга жалгыз туруп алып эле айткан балдар көбөйдү. Ошол эле алкоголдук ичимдиктерди саткан дүкөндөргө деле айтып жатышкан, ичип алып кафеде мас отурган адамга деле айтып жатышкан. Бул нерсе кыргыз салтына да, ислам динибизге да туура келбеген одоно көрүнүш. Ыйык орозо айында айтылып жаткан жарамазандын да өзүнчө бир тарбиялык мааниси, ыйыктыгы болот. Адамдарды кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө үндөгөн жарамазандын негизги мүдөөсү да ушунда. Кыргызда батаны жаш бала берген эмес. Ошол үчүн да жарамазанды балакатка жетип калган бала айткан. Берерге эч нерсеси жок үйгө эч качан жарамазан айтылган эмес. Бүгүнкү күндө топурап балакатка жете элек балдардын жарамазан айтып көчөдө жүргөнүн тилемчилик деп эле айтсак болот. Аларга ата-энелери, мектепте мугалимдер «жарамазан айтуу уят иш» деп түшүндүрүп коюусу зарыл. Эсимде, атам мени эч качан жарамазан айтууга чыгарган эмес. Балдардын айтып жатканын көрүп, кызыгып калсам уят иш экенин түшүндүрүп тыйып койчу.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎