“Жигитим менен 2 жыл никесиз жашап, 2 жолу боюмдан алдырдым”

“Жигитим менен 2 жыл никесиз жашап, 2 жолу боюмдан алдырдым”

-Бир канча медреселер бар. Июнь, июль айларында кабыл алуу башталат. Сынактарга катышып көрүңүз. Ар бир медресенин өзүнүн шарттары бар. Ошол жерден билип аласыз.

-Иним 9 жашында өтүп кетти. Ошого арча өстүрүп, эстелик тургузалы дегенбиз. Кандай жолдору бар? Чүйдөн Са бырбек

-Эстелик тургузуу шариятта жактырылбайт. Ал эми ал жерге бак-дарак тигип коюу жакшы, сообу тиет.

–Нооруз мусулман майрамыбы? Биздин айылдагы молдолор пайгамбарыбыздын туулган күнүн өткөрүшөт. Ошол туурабы? 077969…

-Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Пайгамбарды эскерип, аны даңазалоо максатында туулган күнү өткөрүлөт.

-Биз Россияда иштейбиз. Жума намазга барганга шарт жок. Кээ бирөөлөр жума намаз мусапырга важип эмес дешет. Замир

-Сапарга 15 күнгө чейин чыгуу ниетинде барса келгенге чейин мусапыр болот. Ал эми Россияга 15 күн эмес, көп убакытка баргандыктан мусапыр болбой калат. Ошол жердеги шаарда жума намазды окуу парз болот. Мечит жок болсо бешим намазын окуй берет.

-Жолдошум аябай кызга жакын. Мен ага кызыксызмын. 4 балам бар. Жардам бериңизчи, кыйналып жүрөм.

-Мавлюд күнү майрамдаса болобу? Пайгамбарыбыз туулган күндү тыйганбы жана өзү да майрамдаган эмеспи? 055282…

-Мавлюд айында пайгамбарыбызды эскерип, салават айтып, анын өмүр таржымалын окуп туруу керек. Пайгамбарыбыз туулган күнүн майрамдаган эмес. Белгилүү бир күндү айткан да эмес. Бирок пайгамбарыбызды даңазалоо максатында ал туулган айда атайын иш-чараларды өткөрүп турабыз.

-Кош бойлуумун. Бозо ичсем болобу?

-Бозо мас кылат. Мас кылуучунун баары арам.

-Экинчи аялы болуп тийсе наркы дүйнөдө биринчи аялы менен бирге болот деген чынбы? Күндөшүмдүн жообун кагазга жазып жибериптир. Боло береби? Азыр да жообумду бер деп телефон чалат. 077881…

-Наркы дүйнөдө бардык аялдары менен бирге болот. Эгер кимге талак бергенин аты-жөнүн жазып, талак бердим деп жазса талак түшөт.

-Фазаил амал жана Тандалган хадис китебин окуса болобу? 055282…

–Атым Руслан. Орусча ат экен. Бирок мусулман аттары жазылган кагаздан көрүп калдым. Сиз эмне дейсиз? 077027…

-Аттын мааниси жакшы болсо эле боло берет. Арабча болушу шарт эмес.

-Жигитим менен 2 жыл никесиз жашап, 2 жолу боюмдан алдырдым. Күнөөлөрүм үчүн намазда кайсы сүрөөнү окусам болот? Өкүнүп күнү-түнү ыйлаймын. 077118…

-Күнөөлөр кечирилиши үчүн сүрө окулбайт, Кудай кечирим суралат. Ар намаздан кийин “Билип-билбей кылган күнөөлөрүм үчүн тообо кылдым. Кудай, күнөөлөрүмдү кечире көр” деп кечирим сураш керек. Кудай кечиримдүү зат. Иншаллах, кечирет.

-Мен экинчи аялымын. Ушул убакка чейин ата-энем менен тааныша элек, кайсы бетим менен барам деп. Ата-энем динди жакшы түшүнгөндүктөн макул болушкан. Анан да жолдошум иштебейт. Бир аз чыда, баары болот дегенине 2 жыл болду. Өзү жакшы адам. Эмне кылыш керек? 077389…

-Ата-энеден уялбаш керек. Алардан тез-тез кабар алып туруу зарыл. Кайын ата-эне да өз ата-энедей урматталууга татыктуу. Ал эми иштебегендик – жалкоолук. Эркек адам иштеп үй-бүлөсүн багуусу милдеттүү. Иш жок дегени шылтоо, жалкоо деп бетине эле айтыш керек.

-Ыймандын шарты алтообу же жетөөбү? 077274…

–Көзү ачыктарга барсам дубаң бар деди. Кантип жандырсам болот? Диля

-“Фатиха” сүрөсүн окуп өзүңүзгө дем салыңыз. Намаз окуп, даарат менен жүрүңүз. Молдого дем салдырсаңыз да болот.

-Күйөөм бильярд дегенде намазын деле унутчу болду. Анысы аз келгенсип кайын атам ичип келип буюмдарымды сатчу болду. Чыдабай ата-энемди чакырып келип сүйлөштүк. Атасы жообун бересиң деп туруп алды. Мен да сүйлөй турган сөзүмдү сүйлөдүм. Ажырашып кеттик. Кызым ата десе жүрөгүм эзилет. Күйөөмдү жакшы көрөм. Жүрөгүм кысылып ыйлап алам. Кээде телефон чалып, атама сүйлөбөгөнүңдө деп калат. Күнөө кимде? Жолдошум түшүнгөндө болмок. Кызымды ойлойм, ушул атасыз калды деп. 077130…

-Күнөө баарыңарда бар. Күйөөңүз айтканда тилиңизди тыйсаңыз мынчалыкка барбайт эле. Балдары да, келини да ата-энесин урматташы керек. Жарашканга аракет кылгыла.

-Багымдаттан кийин келинчегим экөөбүз кошулуу адатка айланды. Бул күнөө эмеспи? +79826…

-Кызым 2 жашта. Тилинде мөөрү бар дешет. Бир аз убакыт жок болот. Кайра эле ар кандай формада. Арабча тамгага окшоштор да болот. Кызымды урушууга болбойбу? Мындай адамдар эмчи-домчу болушабы? Нази

-Исламда мөөрү бар же жок деген түшүнүк жок. Көңүл бурбаса деле болот. Баарыбыз бирдейбиз. Артыкчылыгыбыз такыбалыгыбызда гана.

–Башымдан жаман окуялар өттү. Күндөшүм баласы экөө чачымды кыркып, катуу уруп, бычак такап өлтүрөбүз деп турганда дубаны айтканымдан кийин адамдар кирип келип мени сактап калышты. Милиция кызматкери “арыз жаз” дегенде жазбадым, себеби жолдошум каршы болду. Андан кийин ошол аял туугандарыма келип “көргөн болсом өлтүрүп кетебиз” деп айтыптыр. Тынч жашай албайм, зулумдук жасап жатышат. Күйөөм мени менен жашыруун жашайт. Ал аялга Алла азабын береби? Мага кандай кеңеш бересиз?

-Сабыр кылыңыз. Намаз окуп, Кудайдан суранып дуба кылыңыз. Кудай ар бир адамга күнөөсүнө жараша жаза берет.

-Мен колдо кумар кандырууну таштай албай жатам. Канткенде таштайм? 055055…

-Орозо кармаңыз, Аял алыңыз. Дуба кылыңыз, истигфар айтыңыз. Алланын азаптарын, тозокту элестетсеңиз жаман адаттарды тез эле таштап жибересиз.

-2 уул, 2 кызым бар. Бир кызды багып алгам. Соопчулук жагынан кеңеш берип койсоңуз. “Ыйман жана адеп” деген китебиңизде никесиз төрөлгөн же ташталган балдарга ат койбой эле жазса болсо керек дейм. Менин кызым чоңойсо балдар кемсинтип коёбу дейм. Багып алган кызыма акыйка өткөрсөм болобу? Сооп болсо сообу кимге? Төрөгөн аялгабы же магабы? Аны тарбиялоо максатында урушуп койсом кандай болот? Негизи аны өз кыздарымдан да жакшы көрөм. 077780…

-Багып алган баланы кичинекей кезинде эмизип коюу керек, күйөөңүздүн бир тууган эже-карындаштары бала эмизген болсо, бир тууган болуп калышы үчүн. Бала багып алуу албетте сооп иш. Урбай, орой мамиле кылбай өз баласындай караш керек, таалим-тарбия берүү максатында өз баласын тарбиялагандай опузалап коюуга уруксат берилет. Акыйкат өткөрө турган болсоңуз, иншаллах сообу сизге болот.

-Аялым гусулу жок тамак жасай берет. Айтсам көнбөйт. Кимде күнөө? Мага, кызыма эмне болот? +770182…

-Зарыл учурда гусулсуз тамак жасоого уруксат берилет. Гусул ваажиб болгон учурда, б.а. жыныстык мамиледен кийин, айыз келгенден кийин гусул алып, тамак жасаса тамагы нурдуу болот. Гусулдун пайдасын айтыңыз. Иншаллах, гусул менен иш кылып баштайт.

– Менин байкем өзүнөн чоң келин менен жашап алыптыр. Эненин ыраазычылыгын албай жашап алды, кийин айтты. Апам баласынын бул кылганын ойлоп ооруп төшөктө жатат. Никеси жок, бизди укпайт. Кандай жаза болот? 070535…

– Жазасын эмне кыласың. Дуба кыл…

Макала фейсбуктан алынды,

Жүктөгөн: Жаркынбай Кошбаев

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎