“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзам долбоору 2016-жылдын 30-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

ДЕМИЛГЕЧИЛЕР: Жогорку Кеңештин депутаттары Г.А. Скрипкина, Д.Д. Бекешев, А.А. Алтыбаева, М.К. Жеенчороев, У.Т. Кыдыралиев, Д.А. Джумабеков, Т.Б. Исакунова, М.И. Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж. Акматов, А.Н. Шыкмаматов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүңүз akismailov@adm.gov.kg, m.sarymsakov@adm.gov.kg, civic@platforma.kg же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 66-28-62

Каттоо номери: № 6-18134/16 29.06.16

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин тогузунчу абзацындагы “шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү үчүн берилген бюллетендер” деген сөздөр “идентификациялоону өткөндүгү тууралуу чектер, идентификациялоо боюнча алгачкы жана акыркы отчёттор” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

“3. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участоктору шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайларды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.

4. Шайлоо участоктору ар бир участокто 2 500дөн ашык эмес шайлоочу эсебинен алганда добуш берүү күнүнө 55 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү Тартиптин негизинде ишке ашырылат.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карап чыгат жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.”;

3) 14-берененин 7-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

4) 15-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;

5) 22-берененин 20-бөлүгүндөгү “шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш” деген сөздөр “шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана аккредитациялоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) 27-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Укук коргоо жана башка органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүүчү, Мыйзамдын ушул беренесинин жоболорун бузуу менен үгүт материалдарын жайылтууга бөгөт коюу боюнча ар кандай чаралар тиешелүү шайлоо комиссиясы менен макулдашуу боюнча кабыл алынышы керек.”;

7) 28-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо” деген сөздөр “Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү Тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын жана башка товарларды кошпогондо” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

биринчи сүйлөм “тизмесине каттайт” деген сөздөрдөн кийин “, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтин сериясын жана номурун коет жана шайлоо бюллетенин бергендиги тууралуу ага кол коет” деген сөздөр менен толукталсын.

экинчи сүйлөм алып салынсын;

б) 6-бөлүктүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;

9) 33-берененин 6-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтин сериясын жана номурун коет жана шайлоо бюллетенин бергендиги тууралуу ага кол коет. Шайлоочу жазылган жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.”;

10) 37-берененин 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.”;

11) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:

“13. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.”;

12) 45-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

“11. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.”;

а) 1-бөлүктөгү “тиешелүү” деген сөз “Борбордук” деген сөз менен алмаштырылсын, “же сот” деген сөздөр алып салынсын;

7-пункттагы “анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын” деген сөздөр “анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын же алардын тапшырмасы боюнча иштеген башка адамдардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

“8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши.”;

в) 3-бөлүктүн 6-пунктундагы “же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн” деген сөздөр “, аткаруу органынын кызматкерлеринин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, саясий партиянын ишенимдүү адамдарынын, саясий партиянын атынан чыккан байкоочулардын, ошондой эле алардын тапшырмасы боюнча иштеген башка адамдардын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

14) 53-берененин 4-бөлүгүндөгү “миң” деген сөз “он миң” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 59-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Добуш берүү күнү болуп учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Жогорку Кеңешти шайлоо күнү болуп натыйжада ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган добуш берүү күнү саналат.”;

16) 60-берененин 3-бөлүгүндө:

төртүнчү абзац “кем болбоосун” деген сөздөрдөн кийин “, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек” деген сөздөр менен толукталсын;

бешинчи абзацтагы “улуттарга” деген сөз “этносторго” деген сөз менен алмаштырылсын, “кем болбоосун” деген сөздөрдөн кийин “, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек” деген сөздөр менен толукталсын;

а) 8-бөлүгүндөгү “күбөлөндүрүлгөн” деген сөз “катталган” деген сөз менен алмаштырылсын;

б) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат.

Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.”;

в) расмий тилдеги тексттин 11-бөлүгүндөгү “чем на 5 календарный день” деген сөздөр “5 календарных дней” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацтагы “талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат” деген сөздөр “депутат болуп шайланган талапкер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча түзүлүп, нотариалдык күбөлөндүрүлүп жана талапкер жеке өзү бериши керек. Жүйөлүү себептер боюнча (катуу ооругандыгына байланыштуу стационардык дарылоо мекемесинде турса) арызды жеке өзү берүү мүмкүн болбогон учурда аталган арыз нотариалдык күбөлөндүрүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү же болбосо талапкер ыйгарым укук берген башка адам тарабынан берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.”;

б) 3-бөлүк “анын мандаты” деген сөздөрдөн кийин “ушул берененин 4-1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен” деген сөздөр менен толукталсын;

в) 4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“1) анын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгышы тууралуу жазуу жүзүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызды жеке өзү бериши, ал эми жүйөлүү себептер боюнча (катуу ооругандыгына байланыштуу стационардык дарылоо мекемесинде турса) аталган арызды жеке өзү берүү мүмкүн болбогон учурда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн аталган арызды нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же болбосо депутат ыйгарым укук берген башка адамдын бериши;”;

г) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

“4-1. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда төмөнкүдөй тартипте анын мандаты кийинки катталган талапкерге берилет:

- аял депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял талапкерлердин ичинен;

- эркек депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек талапкерлердин ичинен.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы аталган адамдар жок болгон учурда депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.”;

19) 66-берене күчүн жоготту деп табылсын.

Бул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

негиздеме-маалымкат

Конституциялык мыйзамдын долбоорунун максаты болуп “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын андан ары өркүндөтүү саналат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилип, жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) ишинин алкагында иштелип чыккан.

Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, Жогорку соттун судьясы, Башкы прокуратуранын өкүлү, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен Жумушчу топко бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизүү тапшырылган:

1) 2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо апробациядан өткөн инновациялык жетишүүлөрдү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо процессине имплементациялоо;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аныкталган мүчүлүштүктөрдү, атап айтканда депутаттардын акыркы тизмелериндеги гендердик, этностук жана башка квоталардын кепилдигин мыйзамдык камсыз кылуу бөлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын өркүндөтүү;

3) шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү башка чараларды кабыл алуу.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу, аны Өкмөттүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алуусу биринчи милдетти аткаруунун алкагында жумушчу топтун ишинин натыйжасы болуп калды (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2016-жылдын 22-январындагы № 8 Мыйзамы).

Жогоруда аталган мыйзамды кабыл алуу менен жергиликтүү шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга 2015-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо апробацияланган инновациялык жетишкендиктер имплементация кылынды, бул 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгында коюлган милдеттерди андан ары ишке ашыруу боюнча иштин алкагында, шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык мүнөздөгү чараларды кабыл алуунун зарылдыгын эске алуу менен жумушчу топ конституциялык мыйзамдын каралып жаткан долбоорун сунуштайт.

Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунушталат:

1) “шайлоо документтери” деген түшүнүктү, шайлоо округдарын жана шайлоо участокторун түзүү тартибин, шайлоочулардын тизмелери менен таанышып чыгуу тартибин конкреттештирүү;

2) шайлоо өткөрүүдө эфирдик убакыт, басма аянтчасын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий түрдө жарыялангандан кийин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен телерадиоберүүнүн тиешелүү уюму, мезгилдүү басманын редакциясы тарабынан жарыяланып жана Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитациялоо максатында берилиши керек экендигин аныктоо;

3) укук коргоо жана башка органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүүчү, Мыйзамдын ушул беренесинин жоболорун бузуу менен үгүт материалдарын жайылтууга бөгөт коюу боюнча ар кандай чаралар тиешелүү шайлоо комиссиясы менен макулдашуу боюнча кабыл алынышы керектиги тууралуу жобону киргизүү;

4) акысыз жайылтуу тыюу салынган талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын энбелгисин камтыган башка товарлардын тизмесин БШКнын бекитүүсүн кароо;

5) шайлоо бюллетендерин берүү тартибин, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санын аныктоону, талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдарды сактоо тартибин тактоо;

6) шайланган талапкерди каттоо БШКнын чечими менен жокко чыгарыла тургандыгы конкреттештирилет. Мында каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимдин кабыл алынышынын мыйзамдуулугун сот гана карай тургандыктан, шайланган талапкерди каттоо сот тарабынан жокко чыгарыла тургандыгы тууралуу жобо жокко чыгарылат;

7) шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон субъекттердин чөйрөсү конкреттештирилет, бул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат, ошондой эле талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши талапкердин катталышын жокко чыгаруу үчүн негиз болуп эсептелет;

8) Президенттикке талапкердин БШКнын атайын эсебине төгүлүүчү шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү көбөйөт;

9) эки ача түшүнүк берүүнү болтурбоо максатында Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоону дайындоо тартиби такталат. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Добуш берүү күнү болуп учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Жогорку Кеңешти шайлоо күнү болуп натыйжада ал укуктуу курамда шайланган добуш берүү күнү санала тургандыгын аныктоо сунушталат;

10) жаштардын жана этностук квоталардын мындан да көбүрөөк болушун караган жоболорду киргизүү;

11) талапкердин шайлоого андан ары катышуудан баш тартуусунун, катталган тизмеден айрым талапкерлерди чыгаруунун, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуунун жана добуш берүү күнүнө чейин шайлоого катышуудан баш тартуунун тартиби, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин добуш бергенден кийин талапкердин талапкерлердин тизмесинен чыгуусунун тартиби конкреттештирилет;

12) депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө арызды берүү жана тариздөө тартиби конкреттештирилет;

13) гендердик квоталарды камсыз кылуунун дагы бир чоң кепилдиктери каралат. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда төмөнкүдөй тартипте анын мандаты кийинки катталган талапкерге бериле тургандыгын аныктоо сунушталат:

- аял депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял талапкерлердин ичинен;

- эркек депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек талапкерлердин ичинен.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы аталган адамдар жок болгон учурда депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

14) актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын өткөөл жоболорун күчүн жоготту деп таануу сунушталат, алар 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү менен байланышта болгон.

Конституциялык мыйзамдын каралып жаткан долбоорлору “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору жана “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору менен бир пакетте иштелип чыккан, алардын максаты болуп Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү эсептелет.

Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбейт.

Долбоордун жөнгө салуу таасири талдоого алынбайт, себеби ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.

Конституциялык мыйзамдын ушул долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.

Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору киргизилет.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

Г.А. Скрипкина

Д.Д. Бекешев

А.А. Алтыбаева

М.К. Жеенчороев

У.Т. Кыдыралиев

Д.А. Джумабеков

Т.Б. Исакунова

М.И. Бакиров

Жунус уулу Алтынбек

А.Ж. Акматов

А.Н. Шыкмаматов

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын

шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

салыштырма таблица

Колдонуудагы редакциясы

Сунушталуучу редакциясы

1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер

Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:

үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

жарандардын жигердүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;

жакын туугандары - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;

жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;

мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;

шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;

шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (жоюлган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;

шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;

шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;

шайлоо дареги - шайлоочунун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте билдирилген, анын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;

талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам;

эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам;

байкоочу - талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;

жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;

туруктуу жашаган жер - жарандын тиешелүү документинде каттоо органдарынын белгиси менен бышыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;

укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, прокуратура органдары, бажы кызматы, ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча органдар;

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;

талапкердин, саясий партиянын өкүлү - шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу байкоочу;

шайлоочулардын тизмеси - электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

талапкерлердин тизмеси - саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;

оператор - добуш берүү күнү шайлоо участогунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;

автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноого арналган түзүлүш;

туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;

добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;

добуш берүү үчүн көчмө үкөк - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;

бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу.

1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер

Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:

үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

жарандардын жигердүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;

жакын туугандары - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;

жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;

мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;

шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;

шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (жоюлган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоону өткөндүгү тууралуу чектер, идентификациялоо боюнча алгачкы жана акыркы отчёттор, шайлоо комиссияларынын протоколдору, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;

шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;

шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоо өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону кошуп алганда, шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүү, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышуу укугу;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүт;

шайлоо дареги - шайлоочунун ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте билдирилген, анын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган, бирок ал добуш берүүнү каалаганын билдирген дареги;

талапкер - ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте шайлануу аркылуу ээленүүчү Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн адам;

эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу адам;

байкоочу - талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан, мыйзамда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам;

жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;

туруктуу жашаган жер - жарандын тиешелүү документинде каттоо органдарынын белгиси менен бышыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган жери;

укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, прокуратура органдары, бажы кызматы, ошондой эле баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча органдар;

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар же иштери;

талапкердин, саясий партиянын өкүлү - шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу байкоочу;

шайлоочулардын тизмеси - электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, добуш берүү күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

талапкерлердин тизмеси - саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;

оператор - добуш берүү күнү шайлоо участогунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;

автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноого арналган түзүлүш;

туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;

добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;

добуш берүү үчүн көчмө үкөк - шайлоочунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;

бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын ишке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу.

13-берене. Шайлоо округу

1. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

13-берене. Шайлоо округу жана шайлоо участогу

1. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

3. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участоктору шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайларды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.

4. Шайлоо участоктору ар бир участокто 2 500дөн ашык эмес шайлоочу эсебинен алганда добуш берүү күнүнө 55 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөт. Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү Тартиптин негизинде ишке ашырылат.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участокторунун схемасын жана чек араларын карап чыгат жана бекитет, алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

14-берене. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү

1. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

2. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүндө жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жана мыйзамдар менен белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.

3. Шайлоочулардын тизмесин түзүү шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече маалыматтардын (анын ичинде биометрикалык) негизинде жүргүзүлөт.

Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Шайлоочулардын тизмеси шайлоочуларды эсепке алуу тутумун пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жекече маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.

5. Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында болгон шайлоочулар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана тиешелүү шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирилбестен, тышкы иштер маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жана консулдук эсепке турган шайлоочулар тууралуу маалыматтарды берүүнүн таризи, түрү жана тартиби тышкы иштер маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

7. Ар бир шайлоо участогу боюнча түзүлгөн шайлоочулардын тизмеси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калганда Борбордук шайлоо комиссиясына электрондук түрдө берилет. Шайлоочулардын тизмесин электрондук түрдө берүү электрондук документ жана электрондук санариптик кол коюу жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин алган учурдан тартып токтоосуз аны ачат жана тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.

Участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен тизмелерди тааныштыруу үчүн илет.

8. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участоктордун, райондордун жана шаарлардын чектеринде жалпылаштырылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган орду, туулган жылы жөнүндө маалыматтарды көрсөтпөстөн, таанышуу үчүн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.

Расмий сайттарга жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтардын келип түшүүсүнө жараша туруктуу жаңыланып турууга жатат.

9. (КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10. (КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. (КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу. Шайлоо дареги

1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илип коюуга милдеттүү.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесине киргизилгени жөнүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.

3. Ар бир шайлоочу өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экени, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна токтоосуз жиберилет.

Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каталарды же так эместиктерди оңдоолор шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуга жиберет.

Шайлоочуда биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же чыгып кеткен адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экени жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин токтоосуз ачат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын номур коюлган, көктөлгөн жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын кагаздагы тизмеси) добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

7. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесинде жок экени тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу маселелери боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

22-берене. Шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

1. Шайлоону маалыматтык камсыз кылуу шайлоочуларды кабарландырууну, шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнү өзүнө камтыйт жана жарандардын эркин аң-сезимдүү билдирүүлөрүнө жана шайлоонун айкын өтүшүнө өбөлгө түзөт.

2. Шайлоочуларды кабарландырууну мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар, ушул конституциялык Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарды өз убагында жана так кабарландыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну калыс, так болушу керек, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоосу тийиш, аларда кандайдыр бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбеши керек.

4. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларды кабарландыруунун бир түрү болуп саналат.

5. Шайлоого байланыштуу коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда, көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурамжылоону жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, анын жүргүзүлгөн убагын, сурамжылангандардын санын (иргелген), маалыматты чогултуу усулун, сурамжылоо жүргүзүлгөн аймакты, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болуучу кемчиликтерге статистикалык баа берүүнү, сурамжылоону жүргүзүүнү табыштаган жана аны жарыялоого акы төлөгөн жакты көрсөтүүгө милдеттүү.

6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.

7. Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарынын сактабоо мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөө деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө мамлекет тарабынан ушул конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүү камсыз кылынат.

9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн, ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, талапкерлердин же саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.

Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн тариздери жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.

10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.

12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.

13. Шайлоо өткөрүүдө үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

2) көпчүлүк катышкан иш чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;

3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен;

4) ушул конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.

14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин таризин жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.

15. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчылары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний уюмдардын өкүлдөрү, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү, 18 жашка чыга элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укугу жок.

16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.

17. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлер же ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында талапкерлер акысыз обо убактысын пайдаланганда, ушул конституциялык Мыйзамдын 24-беренесинде каралган тартипте үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.

18. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга келишимдик негизде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген телерадио уюмдарынын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын талапкерлерге, саясий-партияларга берүүнүн тартиби жөнүндө нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын берүүгө укуктуу.

Обо убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.

20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга жана аккредитациялоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

27-берене. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу

1. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары, басылма үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын жана жашаган жеринин дарегин), үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген адамдын (уюмдун аталышын), фамилиясын, атын, атасынын атын, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, ошондой эле тапшырык акысын төлөгөн талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атын, атасынын атын камтышы керек. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга мындай материалдарды илүү үчүн бирдей шарттар камсыз кылынышы керек.

4. Үгүт материалдарын эстеликтерге, эстелик мамыларга жана тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын орун жайларына, алардын кире бериш жерлерине жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат.

Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында тигилүү жашыл бак-дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

6. Жалган жасалма үгүт материалдары же ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдары таратылып жатканы жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы бул иштерге бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү укук коргоочу жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

7. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын, ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга чыгымдалуучу сумманын чектеринде пайдаланууга укуктуу.

Укук коргоо жана башка органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрүлүүчү, Мыйзамдын ушул беренесинин жоболорун бузуу менен үгүт материалдарын жайылтууга бөгөт коюу боюнча ар кандай чаралар тиешелүү шайлоо комиссиясы менен макулдашуу боюнча кабыл алынышы керек.

7. Талапкерлер, саясий партиялар шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын, ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга чыгымдалуучу сумманын чектеринде пайдаланууга укуктуу.

28-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

2. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.

3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.

6. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

7. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

8. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына жалган жасалма укма-көрмө жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүлөрү тийиш.

9. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-27-беренелеринде, ошондой эле ушул беренеде белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

28-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт.

2. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги кыянат пайдаланууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диндик, аймактар аралык кастыкты, гендердик жана башка социалдык артыкчылыктарды, басмырлоолорго, кастыкка чакырууларды үгүттөөгө; же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү зомбулук менен өзгөртүү жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын; согушту үгүттөөгө; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото- жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянат пайдалануунун башка тариздерине тыюу салынат.

3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү Тизмеге ылайык талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын жана башка товарларды кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.

Талапкердин, саясий партиянын жана аткаруучунун ортосунда жазуу жүзүндө жол-жоболонгон эмгек мамилелеринин алкагында аткарылган жумушка талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынан акы төлөө сатып алуу болуп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка жактар, шайлоо алдындагы өнөктүктөргө катышууда билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын абийирине, ар-намысына же ишкер беделине зыян келтирген жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча төгүндөө жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган тилкеде, ошондой арип менен мезгилдүү басылманын кийинки санында, ал эми телекөрсөтүү же радио боюнча чыгып сүйлөөгө төгүндөө же түшүндүрмө - төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн кийинки чыгарылышта берилет.

6. Талапкерге, саясий партияга шайлоо алдында үгүттөө мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирген маалыматты жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмөлөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бербегени, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

7. Талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүнүн талаптарын бузган учурда, шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, укукка каршы үгүт ишин токтотуу жана күнөөлүү адамдарды ушул конституциялык Мыйзамда жана колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө укук коргоо органдарына, сотко сунуштама менен кайрылууга укуктуу.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

8. Укук коргоо органдары шайлоо комиссияларына жалган жасалма укма-көрмө жана мыйзамсыз даярдалган басылма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана алардын акысын төлөөнүн булактарын аныктоо боюнча көмөк көрсөтүүлөрү тийиш.

9. Талапкер, саясий партия ушул конституциялык Мыйзамдын 22-27-беренелеринде, ошондой эле ушул беренеде белгиленген талаптарды бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы аларга бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече ирет бузган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштамасы боюнча же өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

31-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө - добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.

Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өз жыйналышында чүчү кулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт:

- шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациясын оператор менен биргелешип жүргүзүү;

- шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашыруучу;

- шайлоо бюллетендерин берүүчү;

- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда, ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле орун жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер турган мөөрлөнүп бекитилген сейфти (шкафты) ачат; сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилген санды жарыялайт, өзү көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоого жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган жана орун жайдан тышкары добуш берүү үчүн берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө жарыялайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда шайлоо бюллетендерин кайра санап чыгат жана санын жарыялайт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отурган адамдарга аларды көрүп таанышуу үчүн берет жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго жана анын чоңойтулган таризине жазат.

Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 100дөн шайлоо бюллетенин берет, алар алганы үчүн кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилишине жооп беришет.

2. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт.

Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.

Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:

- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;

- бул шайлоо участогунда ошол учурда добуш берген шайлоочулардын саны;

- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.

Шайлоочуну идентификациялагандан кийин чек чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан чекке добуш берүү бюллетенин алмашып берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.

3. Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу бюллетенди алгандыгы жөнүндө ага кол коет.

4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

5. Шайлоо бюллетендери шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.

6. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда, шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру жазылып коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет.

7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.

8. Шайлоочу шайлоо бюллетенине белгини өзү тандаган талапкердин, саясий партиянын пайдасына тиешелүү чарчыга же "Баарына каршы" позициясына коет.

9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбалаланган) үкөктөргө салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.

3. Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтин сериясын жана номурун коет жана шайлоо бюллетенин бергендиги тууралуу ага кол коет.

4. Ар бир шайлоочу өзү үчүн добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

5. Шайлоо бюллетендери шайлоочунун инсандыгын ырастаган документин көрсөткөндө, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга берилет.

6. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет.

7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жерде толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.

8. Шайлоочу шайлоо бюллетенине белгини өзү тандаган талапкердин, саясий партиянын пайдасына тиешелүү чарчыга же "Баарына каршы" позициясына коет.

9. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда, ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетенин берген мүчөсүнө кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесиндеги ушул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен, ага жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.

10. Шайлоо бюллетенин алганына өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу, бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки билдирет.

11. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүүчү мөөр басылып бекитилген (пломбалаланган) үкөктөргө салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүүчү бөлмөдөн алып чыгууга тыюу салынат.

12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, алар тартип орнотулгандан кийин добуш берүү жайынан чыгып кетүүлөрү керек. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо жүрүмүнүн катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын баары үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо, анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясынын ыйгарым укук берилген мүчөсү аткарат.

13. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын жумушуна катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүүчү жайдан сыртка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

14. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүүчү жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.

15. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.

Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.

33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган оператор менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

6. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенден кийин анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен биргелешип жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага шайлоо бюллетенин берет. Шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги шайлоо бюллетенин алууда шайлоочунун инсандыгын ырастаган документинин сериясы жана номуру коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочунун кагаздагы тизмесине кол коет.

7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.

8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди" деген белги коюлат.

9. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен кошумча мөөрлөнөт (пломбаланат) жана кошумча мөөрлөнүүчү (пломбалануучу) шайлоо документтери сакталуучу сейфке (шкафка) алып коюлат.

10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

33-берене. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн тартиби

1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайлардагы шайлоочулар; алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча аскер бөлүктөрүндө, эгерде алар убактылуу жүргөн жер өзүнүн жайгашкан орду боюнча кирген шайлоо участогунун аймагында туруктуу жашаса, добуш берүү күнү обочолонгон, калктуу конуштардын алыс жерлерде кызмат өтөп жатышкан аскер кызматкерлери, өзү жүргөн жери боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттоого алат. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө арызда шайлоочунун добуш берүүчү жайга келе албай турганынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн зарыл саны (бирок үчтөн ашык эмес) болушу керек. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү зарыл сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала кол коюп, мөөрлөнүп жабылган (пломбаланган) көчмө үкөктөрдү алган оператор менен биргелешип участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жүргүзөт. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүүчү орун жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн (участкалык шайлоо комиссиясынын эки мүчөсүнөн кем эмесин) чүчү кулак менен аныктайт. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчү кулакка катышпайт.

Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы карап чыгуу үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилүүчү (пломбалануучу) орун жайдан тышкары добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, шайлоо участогунун номуру, көзөмөлдөө барактарынын добуш берүү үкөгүнө салынган убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн көзөмөлдөө барактарын салат. Көзөмөлдөө барактарына ошол адамдардын колдору коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

6. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочуга келгенден кийин анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен биргелешип жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага шайлоо бюллетенин берет. Чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтин сериясын жана номурун коет жана шайлоо бюллетенин бергендиги тууралуу ага кол коет. Шайлоочу жазылган жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет.

7. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жерде толтурулат. Атайын жер шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөл жүргүзүүсүн камсыз кылууну эске алуу менен тандалып алынышы керек.

8. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун же инсандыгын ырастоочу документинин сериясы жана номуру шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү тик тилкесинде "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди" деген белги коюлат.

9. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин көчмө үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен кошумча мөөрлөнөт (пломбаланат) жана кошумча мөөрлөнүүчү (пломбалануучу) шайлоо документтери сакталуучу сейфке (шкафка) алып коюлат.

10. Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктагандан кийин, ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

37-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби

1. Борбордук шайлоо комиссиясы түздөн-түз шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышын өткөрөт, анда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол түзөт, ага алардын негизинде шайлоонун натыйжалары аныкталуучу, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы кошунду маалыматтары боюнча жыйынды таблица, келип түшкөн протоколдордун маалыматтары киргизилет.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкү учурларда шайлоо болбой калды деп таанылат:

1) эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт;

2) эгерде талапкерлердин тизмесинин бири да мандаттарды бөлүштүрүүгө катышуу үчүн зарыл болгон сандагы добуштарды ала албаса;

3) эгерде талапкерлердин башка тизмесине караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлердин тизмесине каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген тариздеги шайлоо бюллетенин алганы жөнүндө шайлоочулардын койгон колдорунун саны боюнча аныкталат.

4. Аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, шайлоонун жыйынтыктары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бир же бир нече шайлоо участокторунда жараксыз деп таанылган учурда, алар шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизе турган болсо, ошол шайлоо участкаларында тиешелүү шайлоо комиссиясы кайра добуш берүү дайындаган күндөн тартып, 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.

5. Шайлоо участкасында ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин ашыгын камтыган шайлоо участкаларынын бир бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;

2) соттун чечими боюнча.

Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча аныкталат.

44-берене. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу

1. Шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Шайлоо комиссияларынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар, арыз (даттануу) менен кайрылышы мүмкүн.

(Экинчи абзац КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Арыздарды (даттанууларды) ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө маселе каралган башка учурларда, кызыкдар жактар же алардын өкүлдөрү кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.

4. Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.

5. Шайлоо жүрүмүнүн субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.

6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) биринчи баскычтагы сотко, биринчи баскычтагы соттун чечими - Жогорку сотко даттанылат. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.

7. Арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.

8. Шайлоонун даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары жана соттор тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын колу коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.

9. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

10. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же аны жокко чыгарат жана арыздын (даттануунун) маңызы боюнча чечим кабыл алат.

11. Сот арыздардын (даттануулардын) негиздүүлүгүн белгилейт жана талашылган чечимдерди, аракеттерди (аракетсиздиктерди) мыйзамсыз деп тааныйт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат, же болбосо эгерде талашылган чечимдер, аракеттер (аракетсиздиктер) мыйзамдуу болуп саналары аныкталса, арыздарды (даттанууларды) канааттандыруудан баш тартылат.

12. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

13. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.

45-берене. Шайлоо комиссиялардын добуш берүү жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу чечимдерине даттануу

1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат.

2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине аймактык шайлоо комиссияларына даттанылат; аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерине Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат; Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине биринчи инстанциядагы сотко даттанылат; биринчи инстанциядагы соттун чечимдерине Жогорку сотко даттанылат.

3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилет.

4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга жатат. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган орган тарабынан кол коюлган жана мөөрү басылып ырасталган чечим жазуу жүзүндө токтоосуз арыз ээсине тапшырылат.

5. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.

6. Сот ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу чечимин жокко чыгарышы мүмкүн.

7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучулары үчүн аткарылууга милдеттүү.

Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлүү чечим токтоосуз арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөлгө алуу даттануусунун берилиши, Борбордук шайлоо комиссиясынын биринчи инстанциядагы соттун чечимин аткаруусун токтото турат.

8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып, 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.

9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу көзөмөлгө алуу тартибинде Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып, 5 календардык күндүн ичинде каралат.

Көзөмөлгө алуу даттануусу Жогорку сотко алып келинет, ал милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакырат.

Соттун чечимине көзөмөлгө алуу даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу алып келинет. Даттанууну түздөн-түз көзөмөлгө алуу инстанциясына берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

Көзөмөлгө алуу инстанциясынын сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

10. Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.

11. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын же алардын тапшырмасы боюнча иштеген башка адамдардын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде;

8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, саясий партиянын ишенимдүү адамдарынын, саясий партиянын атынан чыккан байкоочулардын, ошондой эле алардын тапшырмасы боюнча иштеген башка адамдардын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

53-берене. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайыксыздыктарды тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайыксыздыктар жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде анын тиешелүү саясий партия тарабынан көрсөтүлгөнүн фактысы белгиленет.

4. Президенттин кызматына талапкер каттоого чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин, жеке каражаттарынан же өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.

5. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.

6. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

7. Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;

2) берилген талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;

3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

53-берене. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайыксыздыктарды тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайыксыздыктар жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде анын тиешелүү саясий партия тарабынан көрсөтүлгөнүн фактысы белгиленет.

4. Президенттин кызматына талапкер каттоого чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин, жеке каражаттарынан же өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.

5. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.

6. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

7. Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;

2) берилген талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;

3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

59-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 21 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары бирдиктүү шайлоо округу боюнча катыштык тутум боюнча 5 жылга шайланат.

3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат жана мурдагы чакырылышта шайланган Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктоочу айдын биринчи жекшембисинде өткөрүлөт.

4. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда - ал чечим кабыл алынган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.

Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тарып 45 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.

5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялануусу тийиш.

6. Эгерде Президент ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаган учурда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

59-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Шайлоо күнүнө карата 21 жашка толгон, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары бирдиктүү шайлоо округу боюнча катыштык тутум боюнча 5 жылга шайланат.

3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан шайлоо күнүнө 75 календардык күн калгандан эрте эмес жана добуш берүү күнүнө 60 календардык күн калгандан кеч эмес мөөнөттө дайындалат. Добуш берүү күнү болуп учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Жогорку Кеңешти шайлоо күнү болуп натыйжада ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган добуш берүү күнү саналат.

4. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда жана Конституцияда каралган учурларда - ал чечим кабыл алынган же Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө дайындайт.

Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тарып 45 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.

5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы кол коюлган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялануусу тийиш.

6. Эгерде Президент ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындабаган учурда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү күнүн расмий жарыялайт жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат.

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 120 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- ар кандай улуттарга таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин катталган тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат.

Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүнүн негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.

Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушу дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) анын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши же фракциядан чыгышы;

2) аны соттун аракетке жөндөмсүз деп табышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсү же андай ишти таштабоосу;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетиши;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготушу же башка жарандыкка өтүшү;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбошу;

10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы.

5. Эгерде саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбаган учурда, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.

Эгерде депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча түзүлүп, нотариалдык күбөлөндүрүлүп жана талапкер жеке өзү бериши керек. Жүйөлүү себептер боюнча (катуу ооругандыгына байланыштуу стационардык дарылоо мекемесинде турса) арызды жеке өзү берүү мүмкүн болбогон учурда аталган арыз нотариалдык күбөлөндүрүлөт жана нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү же болбосо талапкер ыйгарым укук берген башка адам тарабынан берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты ушул берененин 4-1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушу дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) анын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгышы тууралуу жазуу жүзүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызды жеке өзү бериши, ал эми жүйөлүү себептер боюнча (катуу ооругандыгына байланыштуу стационардык дарылоо мекемесинде турса) аталган арызды жеке өзү берүү мүмкүн болбогон учурда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн аталган арызды нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн же болбосо депутат ыйгарым укук берген башка адамдын бериши;

2) аны соттун аракетке жөндөмсүз деп табышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсү же андай ишти таштабоосу;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетиши;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготушу же башка жарандыкка өтүшү;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбошу;

10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы.

4-1. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда төмөнкүдөй тартипте анын мандаты кийинки катталган талапкерге берилет:

- аял депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда аял талапкерлердин ичинен;

- эркек депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда эркек талапкерлердин ичинен.

Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы аталган адамдар жок болгон учурда депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

5. Эгерде саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбаган учурда, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

66-берене. Өткөөл жоболор

1. Ушул конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору 2011-жылкы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын жаңы Президентин шайлоо "Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен дайындалат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылкы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмелерин түзүү жүрүмүнө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын тартууга укуктуу.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎