Суперстан: "Министрдин махабаты" - Суперстан
-О-о! -Ишенбейсиңби? -Ишенем. -А эмнеге "о" дейсиң? -Ханышам дегениңер жагып калды. -Бул чындык да? -Билем. -Билсең эмне үчүн менин эң башкы суроомду жоопсуз калтырдың? -Кайсы? -Бат эле эстен чыгарганың жарабайт, менин айперим. -Аябай эркелеттиңер го? -Жакпайбы? -Жагат. -Эстеген жоксуңбу? -Эмнени? -Башкы суроомду? -Айтайынбы? -Айт. -Таарынбайсыңарбы? -М-м, аракеттенем. -Сагындыңбы деп сурадыңар. А мен айтпайм дедим. Туурабы? -Ту-ура. -А эмне үчүн айтпайм дедим? -Билбейм. -Кырк бешке чыккан киши да ушундай жөнөкөй нерселерди түшүнбөйбү? -Сурооң ширин чыкты, Аидочка. Бу дүйнөдө мен билбеген балээ жок. Ошентсе да сага келгенде эң жөнөкөй нерселерге башым жетпей калганы чоң чындык. Мен масмын да? -В смысле масмын? Ичип алдыңар беле? -Ах ты, моя малышка, бир туруп жарга такаган суроо бересиң да, бир туруп наивный болуп кетесиң да? -Меню тебю не понимать. -Ха-ха-ха, тамашаң да керемет. Мен деген сүйүүгө масмын, Аида каралдым! -А-а. Эми жетти. -Жетсе мен даярмын, табышмагыңыздын жандырмагын угууга. -Табышмак деле эмес. "Айтпайм" деген сөз "ооба" дегенди билдирет. -Ва-ай, ушуга акылым жетпептир, ээ? -Не надо иронизировать, Нурлан Кадырбекович! Тем более кокетство деп кабыл албаңы-ыз. -Койсоңузчу, айперим. Официальный кайрылганыңызга караганда таарынтып алган жокмунбу? -Ой, телефонду папам сурап атат. Кийинчерек чаласыңарбы? -Папаң келди беле? -Билесиңер да, хозяйкасынан качканда биякка келет эмеспи. -Анда бошогондо соткама өзүң чалып кой. -Соткаңар Америкадан деле ала береби? -"Роуминг" деп коет. Жердин түбүнө түшүп кетсем да шыңгырай берет. -Кой, түшпөгүлө. Анда мен ыйлайм. -"Ыйлайм" дегениңен сенин. -Мейли анда. Через полчаса позвоню. -Жарайт. Күтөм. Нурлан сыртка чыкты. Асман тиреген аскадай үйлөрү баса калчудай болгон Нью-Йорктун көчөсү. Ызы-чуу. Аба ным жыттанат. "Манхэттенди" көздөй басты. Бүгүн жекшемби. Адамдын баары эшикте. Көчөнүн наркы башынан Мадонна, Бритни Спирс, Шакира сыяктуу шоу-жылдыздардын килейген плакат-сүрөттөрү көрүндү. Арасынан бир азиатканын көзүнө кадалган Нурлан "селт" этип кетти. Кудум Аиданын жүзү. Окшоштукпу же.
#3 eliz-an86 03 Август 2013 - 00:51- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
Дүкөнгө кирип узакка кыдырды. Аялына ак плащ, уулдарына мамалак оюнчуктарды алды. Аидага келгенде бир топко түйшөлдү. Жагат-жакпайт, жарашат-жарашпайт деп өзүнчө күбүрөнүп жүрдү. Акыры назары бриллиант саткан бөлүмгө кадалды. Баасы он миң доллардан ашканына карабай, шакек, шуру, билерик, сөйкө оротту. Айперисине буларды кантип шашпай тагып жатканын элестеткенге үлгүрүп ийгенин өзү да байкабады. "Эркектер ит элебиз да, - деди ичинен, - үй-бүлөбүзгө битирленип, сүйгөндөрүбүзгө келгенде минтип акчанын көзүнө карабай чачабыз. Бизди чокуга чабаар адам жок да. " Мейманканага келди. Чарчаганын сезди. Сууга түшүп, бир аз телевизор көрүмүш этти да, уйкусу келбеген менен төшөккө тоголонду. Шыпты тиктеп бир кыйлага кыймылсыз жатты. Анан айперисинин сүрөтүн алып чыгып ууртунан өптү дагы, таттуу кыялдарга чөмүлдү. Экөө кантип таанышканын эстеди. Кайсы-бир моделдик агентстводон кайта-кайта телефон чалышып, сулуулар конкурсу өтүп жатканын айтышып, "Сизди, Нурлан Кадырбекович, жюринин төрагалыгына шайлаганыбызды басма сөзгө берип ийдик, отказ кыла көрбөңүз! " деп жалбарышкан. Өкмөттүк жыйындан башы зыңылдап, сиркеси суу көтөрбөй турганына кайыл болуп барган эле. Филармония жыкжыйма, бут коерго жер жок, көбүнчө студент жаштар жер тепкилеп, ышкырып, кол чаап, ага кошумча музыка кулак тундуруп, салтанат шаанисине чыгып турган экен. Анан башталды. Биринен-бири өткөн, маралдай керилген сулуу бийкечтер. Эркек аттуунун шилекейин агызышты го! Майрамдык көйнөк менен, купальник кийген периштелер ырдашты, бийлешти, тамак жасашты, ыңгайсыз суроолорго жооп беришти. Эң акырында 25-номер тагынган кыз чыкканда зал жарылып кетти. "Аида Тагаева" деп тааныштырышты. Бой-келбетин, чырайын, басканын, күлгөнүн, сүйлөгөнүн сүрөттөш кыйын. Жараткан эч нерсесин аябаптыр да! Көрүүчүлөр толкунданып, бу кыздын ар бир кыймылына кол чаап туруп алышты. Бири "куурчак" десе, экинчиси "колго жасап койгондой" деди, үчүнчүсү "Акмөөр" деди, төртүнчүсү "айдагы кыз" деди. Кыскасы, тамшанган-суктанган эле жан. Нурлан дагы бир көргөндө эле жактырды. Көзүн албай тиктеп, жүрөгү башкача дүкүлдөп, "кыргыздан да ушундай чүрөк чыгабы?" деп ичинен күбүрөнүп алды. Конкурс өз нугунда өтүп жаткан менен Гран-прини - "Мерседес" автомашинасын 25-номер утаарынан эч ким күмөн санабай калды. Анын башкалардан артыкчылыгы бадырайып көрүнүп турду. Жюри мүчөлөрү дагы бул бийкечтин сыйкырына арбалгансып, түгөлү менен жалаң эң жогорку упай берип жатышты. Бирок ортодон билинбеген чатактын карааны аралап жүргөнүн көпчүлүк баамдабады. Мелдештин башкы демөөрчүсү -шаардагы абдан бай фирманын жетекчилиги убакыт ортолоп калганда башбайгени 9-номерлүү конкурсантка жеңиши керек деген кескин бүтүмүн билдиришти. Ал кыз дагы абдан чырайлуу, алдыңкы орундарда келаткандардан эле. Бирок Тагаевага жетпегени сокурга деле көрүнүп турган. Жюри мүчөлөрү ийин куушуруп, эмне айла кыларын билбегендей төраганын гана оозун карап калышты. Нурлан Кадырбекович көшөгө артына барып тиги демөөрчүлөр менен катуу урушуп кетти: "Зачем такой конъюктурный конкурс? Мы что, для вас марионетки? Тогда уберите членов жюри и сами завершайте свой балаган! Вы же видите, телевидение снимает каждое движение, в зале полно журналистов! Хотите чтобы все плевали мне в лицо?!" Ачуусун тыя албай узакка күпүлдөдү. Министр эмес, көчөдөгү балакайды шылдыңдап жатышкандай кабылдады тигилердин жоругун. Жини менен кол шилтеп басып кеткиси келди. Бирок анын баарын телефондун бир гана шыңгырагы басып койду. Ары-бери тартышканча чөнтөгүндөгү соткасы чырылдады. -Алло, угуп атам Асанкул Батырбекович? -Кыска эле өтүнүчүм бар, Нурлан Кадырбекович. Алдагы конкурста кыйналып атканыңарды билем. Ошентсе да "Мерседести" 9-номер утуш керек. Так надо. Түшүндүңүзбү? Все. Жакшы тургула. Нурлан тилин жутуп алгансыды. Звондаган премьер-министр эле. Ошентип чекит коюлду. Зал ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн. Тагаева 2-орунду алып, Англияга жолдомо менен сыйланды. Эл көзүнчө шек билгизбей, жылмайганынан жазбады. Бирок колун кармаган Нурлан титирегенин байкады. "Ырахмат" деп назик үнү чыкканда дагы эриндери таарынгандай, үшкүргөндөй диртилдеди. Өтө чукулдан көргөндө бу кыздын чырайына ого бетер эси ооду биздин каарманыбыздын. Бардыгы бүткөндө Нурлан 25-номерди табууну жардамчысына табыштады. 4-кабаттагы гримдегич бөлмөдө экен. Кадырбекович барганда күзгүнүн алдында жалгыз отуруптур. Ачык эшикти тыкылдатып Нурлан "руксатпы? " деди. Аида шашпай бурулду. Супсулуу, айдай жүзү жашка жуулуп калыптыр. Фантазер жаны күч эмеспи Нурландын, дароо эле Сыймыктын "көздөрүңөн жааган жамгырдын" деген саптарын эстеп кетти. Чачы тармал, көздөрү бакыракай, мурду, эрди, жүзү сүрөтчү тартып койгондой керемет, турна моюн, бою узун бийкечтин ыйлаганы да жомок перисиндей көрүнүп, жарашып турду. Бетаарчысы менен көзүн бат-бат аарчыган Аида башын жерге салып, ордунан козголду. -Кечирип коюңуз, агай. -Эч нерсе эмес. Көз жашыңан ого бетер чырайлуу болуп калат турбайсыңбы? -Кечириңиз.. . -Жок карындашым, сен бизди кечиргин. Гран-прини сен алмаксың. Колубуздан келбеди.
#8 eliz-an86 03 Август 2013 - 13:55- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 893
- Катталган: 10 Апрель 12
- Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
- Жынысы: Аялзаты
- Калаасы: no comment.
Билдирүүнү түзөткөн: miniusha: 03 Август 2013 - 16:26
#10 eliz-an86 03 Август 2013 - 17:55- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
-Ооба. Элдин баарын узатып, ректор экөөбүз эле калыптырбыз. "Жеткизип коесуңарбы? " десем, водители меймандарды узатып кеткенин, жакында келерин күңкүлдөп койду. Дагы бир аз вино ичтик. Музыка коюп бийледик. Анан уза-ак сүйлөп берди. Он так чертовски умеет заворожить своим разговором, мемиреп эле уга бересиң. Короче. Шоопуру келген жок. Мага видиктен эротикалык фильмин койду да, Мырзабек Сабырович жалгыз бассейнге түшкөнү кетти. Мен жиндиликке бар-дым. Жарым бутылка винону ичип салдым. Кинону чала-була көрүп, уйку-соонун ортосунда жатсам келди. Кучактады. Жалынды. Обещал золотые горы. Тизелеп алып бутуман өпкүлөдү. Мен ыйладым. Девственница экенимди айтып каргандым. Көнбөй көгөрүп жабыша берди. Ичимен ата-энемди тилдеп жаттым. Эмнегедир алардан өч алгым келди. Мени атайын салып беришкендей ардандым. Но в то же время я отдалась ему осознанно, как бы назло всем, себе, подругам, завистникам, особенно маме. Было больно. Бир сааттай ыйладым окшойт. Ректорум болсо өпкүлөй берди, кечирим сурай берди, "үйлөнөм" деп ант берип баштады. Жуунуп кайра чыксам бочкедей семиз курсагын сылап, тамекисин түтөтүп, такой вальяжный, сытый, довольный болуп, видиктен черный порнуха көрүп отуруптур. Жийиркенип алдым. Тебелегендей, түкүргөндөй өзүмдү кор сезип кеттим. Ал анымды байкабай туруп келди да, кучактап туруп ак конверт сунду да, "мында 1000 доллар бар, менден белек" деди. Чыдабай дагы ыйлап ийдим. Вот так я впервые в жизни стала женщиной, причем с таким стариком, которому я годилась во внучки. и вот так я продала свое тело. -Аида, все, унчукпа. Мунун баары артта калган. Успокойся. Айпериси ыйлап кирди. Күтүүсүздөн Нурландын дагы көзүнөн жаш агып кетти. . Эскермесинин ушул жерине келгенде министрибиз ойгоно түштү. Стюардессалар ары-бери шыпылдайт. Байбосунов жуунганы басса керек. Нурлан Бишкекке конуп жатышканын түшүндү.
#18 eliz-an86 04 Август 2013 - 14:11- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 158
- Катталган: 09 Август 12
- Соңку аракети: 14 Июл 2018 04:14
- Жынысы: Аялзаты
Күн көз ачып-жумганча өттү. Президенттик администрациядагы, өкмөттөгү, министрлигиндеги иштери, "Кыргызкабардагы" пресс-конференциясы зуулдап артта калды. Депутат досторуна жолукканга да үлгүрдү. Эртең мененки быт-чыт маанайын эч кимге билгизбей, жылмайып, салабаттуу сүйлөп, бир калыпта жүрдү. Ал эмес уулу Алмаз телефон чалганда да эч бир шек алдырбай, ата-баладай жылуу маек куруп, аны айтасың, байкоосуздан "мен Америкадан келгичекти үйлөнүп алган жоксуңбу, уулум?" деп тамаша да ыргытып жиберди. Айтор, ичи туз куйгандай ачышып, Аидадан уккан тирукмуш окуялар канчалык жанын жай алдырбай эзбесин, Нурлан Кадырбекович сыртынан сыр алдырбай, кечки жолугушууну самап турду. Жалгыз гана аялы Алтынай "качан келесиң?" деп телефон чалганда, эмне деп жооп берерин билбегендей унчукпастан пауза кармап, аягында "аман болсок келербиз да" деп "бурк" этти. Кечки алтыларда экөө Бишкектин чок ортосундагы "Санта Мария" аттуу ресторандын экинчи кабатында, өзүнчө кооз бөлмөсүндө отурушту. -Айперим менин, сагындырдың го? -Бүгүн келбей эле коеюн дегем. -Эмнеге? -Сиздин Алтынайыңыз дагы телефон чапбадыбы. -Эмнеден? - "Забудь его имя. Если жолуксаң, өз убалың өзүңө" дейт. -Прямо ошентип эле айттыбы? -Мага ишенбей калгансыңарбы? -Ишенем дечи, бирок 20 жыл жашаган аялымдын мындай кылаары түшүмө да кирген эмес. -Бирок аны түшүнсө болот да. -В смысле? -Эми күйөөсүн, как она выражается, вшивая пацанка жолдон чыгарып, азгырып атса, тартып алайын деп атса, элге шермендесин чыгарып атса унчукпай отура бермек беле? Коргонот, жинденет, өч алгысы келет. -Токтоп турчу, Аидочка. У меня өсть вещи поважнее. Сөздү анан улантабыз. -Поважнее? -Ооба. -Гамлетчесинен "эх ты, друг мой Горацио. " дегендейби? -У-уф, акылыңан сенин, айперим! Шекспирдин да мээсине келбеген сүйрүпризим бар! -Коркутпаңызчы? -А сиз, ханышам, коркпоңуз. Унчукпай гана көз жумуңуз. Нурлан океандын ары жагынан бапестеп, катып, кудуңдап ала келген белегин ачты. Чылкый бриллианттар "жылт-жулт" этет. Шакек, шуру, сөйкө, билерик Аидага аяр тагылып, Англия королевасындай эле укмуш сулуу да, сүрдүү да болуп чыга келди. Көзүн ачкан айпериси не кубанарын, не ыйларын билбегендей апкаарып калды. Мындай кымбат оокатты тагынмак турсун, өмүрүндө көрбөсө да керек. Басып келип сүйгөнүнүн кучагына бой таштады. Эриндер магниттей жабыша түшүштү. Бир мүнөтпү, бир саатпы, балким бир кылымбы, чексиздикке созулгандай, эң бир таттуу, ысык, сагынычтуу
өбүшүү болду. Биринчи Нурлан эсине келди. -Жаным менин, бир секундга сабыр этиңиз. -Этейин. Министрибиз айперисин терезе жакка бастырып, сүрөткө тартты. "Пусть ночной Бишкек будет свидетелем твоей красоты!" деди шаңдуу үн менен. Анан официантты чакырып, кучакташкан бойдон экөө да эстелик көз ирмемине түшүштү. -Романтикаңыз калбайт ээ, Нурлан Кадырбекович? -Ал калган күнү биз тирүү өлүккө айланабызда. -Ушунуңуз менен кымбатсыз, бийиксиз, тазасыз. -Эй-эй, болду, болду, мактанычтан жарылып кетпейин! -Жарылбайсыз. -Есть, товарищ капитан! -Это Вы настоящий полковник, а мен эмне, какая-то вшивая. -А-и-д-а, а-й-п-е-р-и-м. .. Хорош мучать меня. Башынан айтып берчи. -Эмнени? -Ну, Алтынай менен жолукканыңды. . -Экинчи пардан кийин деканаттан чыгып келатсам, группалашым Мырза жолугуп, "сени 1-кабаттагы буфеттин жанынан бир аял күтүп атат, по-моему что-то сөрьезное" деди. Түшсөм кычырап кийинген Алтынайыңыз туруптур. Эмнегедир сразу тааныдым. Баягы гезиттен көрсөткөнүңөрдө эстеп калыптырмын. Абдан сылык учураштык. "Сөз бар эле, каршы эмессиңби?" деди. "Жок" дедим. "Кайда баралы?" дейт. "Билбейм" дедим. "Жүрү анда машинеге" деди. Ээрчидим. "Хондасына" отурдук. Анан тынбай сүйлөп баштады. -Эмне жөнүндө? -"Мен колхозбай катындардан эмесмин, бетиңди тытайын деп, чачыңды жулайын деп, кыйкырайын деп келген жокмун. Адамча сүйлөшөлү. Бир жыл мурда уккам экөөңөрдүн мамилени. Шаарыбыз кичинекей, "шырп" эткениңен бери көрүп-угуп турушат. Анүстүнө Нурлан башкаларчылап сактанганды да билбейт. Кээде ачык жүрө берет. Мен башында маани берген эмесмин. "Очередная игрушка" деп ойлогом. Ойноп-ойноп кызыгы тараганда таштап салат дегем. Ушу жашка келгенче Кадырбекович канча кыз менен жүргөнүн билесиңби? Сан жетпейт! А мен көнүп калгам. Он такой красивый, умный, богатый, популярный джентльмен, не всякая девица перед ним устоит. Башында ыйлачумун, арданчумун, подружкаларымдын алдында кирерге жер таппай калат элем. Но ничего, потом привыкла. Потому что все время он возвращался в семью. Жүрөт, чуркайт, башын жоготот, анан эле кызыгы тараганда Айтматовдун Каранар деген төөсүндөй өз журтуна кайрылып келет. Сен жапжаш, турмуштун көлөкө-жарыгын ажырата элек секелек кыз экенсиң. Но запомни, не ты первая, не ты последняя! И знай, что все мужчины -просто самцы! Алардын жүрөгүн чаап, кооз жомок айтканына ишенип, капканына түшкөн сендейлерге боорум ооруйт. Ойлогом, сени деле күнүмдүк пайдаланып туруп, мурдагысындай керектен чыккан буюмдай ыргытып таштайт деп. Бирок аңдып, досье чогултуп, тереңирек сурамжылап көрсөм, оказывается ваши отношения заходят слишком далеко! Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп ал, мен азыр адамча, боор ооруп түшүндүрүп, акыркы ирет эскертип атам. Унуткун аны. Жолукпа. Өз төңиңди таап ал. Балдарымды тирүүлөй жетим калтырсаң, мени жер каратсаң - анда таарынба, я убью тебя. Киллер жалдаймбы, башкасын жасаймбы, алдагы мактанган сулуу бетиңе серная кислота чачтырамбы, өзүм билем. Я тебя предупредила" деди. Кө-өп сөз айтты. Бардыгын эстей албай да калдым. Нурлан тамеки түтөттү. Уккандарына ишенбей ичинен эңшерилип, сүйлөп аткан айперисин унутуп да койгонсуду.