Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна КОРУТУНДУСУ

(«Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы № 1008 токтому менен экинчи окуунун жол-жобосуна кайтарылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Комитет мыйзам долбоорунун 1-беренесиндеги 8-пункттун алтынчы абзацында "тиешелүү уруксат" деген сөздөрдү" тиешелүү лицензияга" деген сөздөр менен алмаштырууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С. Бокоев, А.С. Омурбекова жана М.Э. Мавляновадан мыйзам долбоорунун бир катар беренелери боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түштү.

Атап айтканда, алар төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

1. 2-беренеде:

1) мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«- төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

«61) теле, аналогдук уктуруудагы радиоканалда жана/же санапирптик бир пакетинде жайгаштыруу.»;

2) мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 5-пункту алып салынсын.

2. 3-беренеде:

1) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-пунктунун он биринчи абзацындагы «уруксат» деген сөз «лицензия» деген сөз менен алмаштырылсын;

2) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-пунктунун отузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, маалымат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырган, ушул Мыйзам аткарылышын жөнгө салган, ага автордук укук жана окшош укуктук мамилелер чөйрөсүндө телерадиоуюмдардын укук бузууларын көзөмөл жана контролдук кылган мамлекеттик орган;»;

3) Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 3-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы 23 жана 35-абзацтар менен толукталсын:

“чет элдик телекөрсөтүү каналы (чет элдик телеканал) - туруктуу аталышта жана белгиленген мезгилдүүлүктө андан ары жайылтуу үчүн берүү сеткасына ылайык түзүлгөн телекөрсөтүү программаларынын жана башка радиовизуалдык чыгармалардын жана материалдардын жыйындысын билдирген, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде катталган жалпыга маалымдоо каражаты;

социалдык пакет – тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калк үчүн бир жыштыкта бөлүнүп, акысыз жайылтылган жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан каржыланган, телекөрсөтүү жана радио уюмдарынын телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын пакети (мындан ары – Социалдык пакет).”.

4) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 5-пунктундагы үчүнчү абзац алып салынсын;

5) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8-статья. Телерадио уюмдардын маалыматтык ишинде тилдерди пайдалануу

1. Телерадио уюмдар берүүнү мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде жүргүзөт.

2. Ар бир телерадиоканалдын берүүлөрүнүн ар күндүк торчосунун 7:00дөн 00:00гө чейинки мезгилдеги жалпы көлөмүндө телерадио уюмдар берилүүчү программалар жана берүүлөр жагынан (жарнаманы, телетекст жана телесоода кызмат көрсөтүүлөрүн кошпогондо) төмөнкүдөй шарттар жана пропорциялар сакталууга тийиш:

1) программалардын 50 %дан кем эмеси ата-мекендик продуктудан турушу керек, анын ичинде 7:00дөн 10:00гө жана 18:00дөн 23:00гө чейинки мезгилде;

2) берүүлөрдүн 50 %дан кем эмеси мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек.

3. Чет өлкөлүк телеканалдарды жана чет өлкөлүк радиостанцияларды жайылтуу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ушул Мыйзамдын 8-беренесининн талаптарын сактаган ата-мекендик телерадиоканалдардын эфирдик уктуруусунда;

2) кабель, IР, интернет телекөрсөтүү, спутниктик байланыш жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинин башка талаптарын сактаган телекөрсөтүүлөрдү көрсөтүү кызматтарын көрсөтүүчү кабелдик тармактарда.

4. Эгерде фильмдин жана/же башка программанын жана/же берүүнүн түп нускасынын (же котормосунун) тили мамлекеттик же расмий тил болбосо, мындай фильмдер жана/же программалар (берүүлөр) аларды мамлекеттик же расмий тилге которуп берген шартта берилет.

5. Эгерде берүү мульти тил опциясын пайдалануу менен жүзөгө ашырылса, берүүнүн тилдеринин бири мамлекеттик тил болушу керек.».

6) Мыйзам долбоорунун 3-статьясынын 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«18-статья Берүүнү лицензиялоо

1. "Лицензия-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда, аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде теле, радиоканалдарды жайгаштыруу, колдонулуучу технологияларга карабастан ыйгарым укуктуу мыйзамдарда белгиленген тартипте берген уруксаттын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Теле, радиоканалдарды жайгаштырууга лицензия арыз боюнча Өкмөт аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат. Лицензияны берүүдөн «Лицензия-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралбаган негиздер боюнча баш тартууга тыюу салынат.

3. Маалымат саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:

- ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын ТРК тарабынан сакталышын контролдойт;

- теле берүү жана радио уктуруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо жагынан ТРКны текшерүүгө укуктуу;

- текшерүүнүн натыйжалары боюнча мыйзамдардын талаптарын бузууну четтетүүгө же аларды бузууга жол бербестиги жөнүндө отуз күндүк мөөнөттө чечим чыгарат;

- ушул Мыйзамдын ченемдерин кайталап бузган учурда маалымат саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган күнөөлүү жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга укуктуу;

- ушул Мыйзамдын эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн маалымат саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган байланыш үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу органына кетирилген укук бузууларды жойгонго чейин лицензиянын күчүн убактылуу токтотуу жөнүндө талапты жөнөтөт;

- байланыш үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн ыйгарым укуктуу орган тиешелүү талапты алган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде бул талапты аткарууга милдеттүү;

- телерадио уюмдардын автордук жана чектеш укуктарын сактоону контролдойт жана мындай укук бузуулар тапкан учурда, ошондой эле укук ээлеринин жана башка жактардын арызы боюнча автордук жана чектеш укуктук мамилелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдан тиешелүү текшерүүнү жүргүзүүнү талап кылат, мында натыйжалар боюнча автордук жана чектеш укуктарды жоюуга же мындай укуктардын жол берилбестиги жөнүндө эскертүү чыгарат;

- автордук жана чектеш укуктарды бузгандык үчүн күнөөлүү жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга укуктуу. Автордук жана чектеш укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тиешелүү талапты алган учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү текшерүүнү жүргүзүүгө жана зарыл маалыматты берүүгө милдеттүү.».

Комитет депутаттар сунуш кылган 6-пункттун 3-бөлүгүнүн 7 жана 8-абзацтарында «автордук жана чектеш укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөрдүн алдында тиешелүү жөндөмөлөрдө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган» деген сөздөр менен толуктоону максатка ылайык деп эсептейт.

  1. мыйзам долбоорунун 3-бөлүгүнүн 16 пунктундагы «уруксаты» деген сөз «лицензиясы» деген сөз менен жана «телерадиоберүү операторуна же» деген сөздөр алып салынсын жана ушул эле пунктун 4-бөлүгүндөгү «тийиштүү уруксатты» деген сөздөр «тийиштүү лицензиясы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 17-пунктундагы 3, 4 жана 5-абзацтарында «уруксат» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «лицензия» деген сөз менен алмаштырылсын.

9) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 17-пунктунун алтынчы абзацындагы «Телерадиоберүү оператору» деген сөздөр «Телерадиоуюму» деген сөз менен алмаштырылсын;

10) мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«32-берене. Жарнак

1. «Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте теле радио уюмдары өздөрүнүн программаларында жана берүүлөрүндө жарнакты жайгаштырууга укуктуу.

2. Төмөндөгү учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк телеканалдарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телеканалдардын продукцияларын алып көрсөтүп жаткан телеканалдарда жарнактарга тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк телеканалдардын санариптик берүүлөрүн алып көрсөтүүдө. Мындай учурда социалдык пакеттин алкагында алып берүүлөрдү ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк телерадио каналдарында жарнактарды жайгаштыруу чет өлкөлүк ошол телерадио каналдын алып көрсөтүүгө кеткен чыгымдарын жабуу үчүн гана керектүү өлчөмдө жол берилет.

2) ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен теле радио уюмдарынын ошол телеканалдардан күн сайын эфирде чет өлкөлүк телеканалдардын айрым берүүлөрүн алып көрсөтүүдө.

11) Депутаттар тарабынан сунушталып киргизилген 33-статьянын 4 жана 6-бөлүктөрүндөгү «телерадиоберүүчүлөр» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө «телерадиоуюмдары» деген сөз менен алмаштырылсын.

12) 48-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын. “Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.”

Комитет, бүтүндөй алганда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С. Бокоев, А.С. Омурбекова жана М.Э. Мавляновалар киргизген өзгөртүүнү колдойт.

Баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө») өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Комитеттин сунуштарын эске алуу менен жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна экинчи окууга киргизилсин.

2. Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйналышында кароо учурунда Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов баяндамачы болуп аныкталсын.

Комитеттин төрагасы М.А. Аманкулов

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎